Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы франциялык "ПСЖ" командасы менен германиялык "Боруссия Дортмунд" командасынын жооптук беттеши коронавирус чуусунун айынан күйөрмандарсыз өтөт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус күч алып жаткандыгына байланыштуу 8-марттан баштап Францияда киши көп катышкан иш-чараларды, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынган. "ПСЖ" - "Боруссия Дортмунд" беттеши Париж шаарындагы "Парк де Пренс" стадионунда 12-март күнү 02:00до (Бишкек убактысы боюнча) күйөрмандарсыз өтөт.
Бул эки команданын биринчи беттеши 1:2 эсебинде германиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.