Бүгүн, 20-мартта Ош облусуна караштуу Ноокат районунан үч тургун коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Министр бул жарандар дагы умрадан келгенин айтып, бирок качан жана кайсы каттам менен келгенин ачыктаган эмес. "Коронавирус жуктуруп алышкан ноокаттыктардын персоналдык маалыматтарын бербөөнү чечтим" деди Чолпонбаев.
SUPER.KG порталы Ноокат райондук администрацияга байланышып, маалымат алууга аракет кылганда, ал жактын кызматкерлери бардык маалыматтарды бир гана министрлик берет деп билдиришти.
Мындан тышкары Ноокат районуна караштуу Жаңы Ноокат айылынын тургундары коронавирус жуктурган жарандардын бири алардын айылдашы экенин айтышты.
"Бизге деле маалымат эртең менен билинди. Ноокатты чектөөгө алып жатышканын жана райондон эч кимди чыгарбай жатканын жергиликтүү жашоочулар айтып башташты. Коронавирус аныкталган жаран биздин Жаңы Ноокат айылынан болот. Ал дагы жакында эле умра зыяратынан келген, кошуналарынын айтымында, 13-мартта келиптир. Калгандары Токтомат Зулпуев айыл өкмөтүнөн экенин айтышууда. Учурда айылда абал тынч эле", - дешет жергиликтүү жашоочулар.