Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Аида Исмаилова өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды талдоону, ошондой эле эпидемияга каршы чараларды сактоо үчүн мектептердин жана бала бакчалардын бардык жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушун көзөмөлдөөнү тапшырды.