Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин жокко чыгарды.
Мындай чечим бүгүн, 9-мартта чыкты.
Буга чейин Биринчи Май районунун акимиаты Бишкекте митингдерди өткөрүүнү 1-июлга чейин тыюу салуу боюнча сотко кайрылган. Биринчи Май районунун акимиаты буга негиз катары өкмөттүн токтомун келтирген. Ал эми аппарат башчы Балбак Түлөбаев коронавируска байланыштуу бардык райондордо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген.
Ал эми Башкы прокуратура Бишкек шаарында 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген.