Москвада коронавирустан айыктым деген Кыргыз жараны: "17 күн жыт, даам сезбей калдым" (маек)

Орусиянын Москва шаарында жашаган мекендешибиз "ал жакта коронавирус инфекциясы менен ооругандар көп. Бирок ооруканага кайрылбай эле үйүндө сакайып кетип жатышат" дейт. Нурбек аттуу мекендешибиз SUPER.KG порталына үй-бүлөсү менен кантип ооруп, сакайып чыкканын айтып берди.

"Үйдө баарыбыз ооруп чыктык"

- Мен Москвадагы коронавирусту дарылоо үчүн курулган оорукананын курулуш иштерине катышкам. Ал жакта 8000ге чукул адам чукул арада курулушту бүтүргөнбүз. Албетте, көп киши болгондуктан, санитардык эрежелер да, аралык да сакталган эмес. Апрель айында жумушту тапшырып, үйлөрүбүзгө тараганбыз. Айдын ортосунан баштап ооруп калдым. Чынында, суук тийип калганбы деп эле ойлогом. Жөтөлүп жаттым, даам, жыт сезбей калдым. Дене табым 37,5 градус болуп, андан көтөрүлгөн жок. Вируска каршы ремантадин дарысын, дене табымды түшүрүү үчүн парацетамол ичип баштадым. Мага каралашып, чай берип жүргөн карындашым менин артымдан ооруду, анын артынан күйөө балам, анан апама өттү. Баарыбыз суюктук, кайнатма шорпо ичип жаттык, имбирь, лимон кошуп чай ичтик, сарымсак, пиязды аарчып бөлмөлөргө коюп салдык. Москвада мындай абалга туш болгондор көп эле болду. Байкасам, коронавирустун жеңил түрүн иммунитети күчтүү адамдар кадимки сасык тумоо катары ооруп, жеңип кетет экен. Бизде да ошондой болду окшойт. Өзүбүз жакшы болуп кетерибизге ишендик, ошондуктан ооруканага барган да жокпуз. Азыр Кудайга шүгүр сакайып калдык. Жөтөл жоголгондон кийин деле көпкө алсырап жүрдүк. Мен 17 күн дегенде толук калыбыма келдим.

"Москвада ооруган мекендештер көп. Бирок ооруканага кайрылбай эле сакайып жатышат"

- Менин билишимче, Москвадагы мекендештердин көбү эле коронавирус менен ооруп, үйдөн сакайып жатышат. Ооруканага кайрылбаганынын да себеби бар. Бул жактын шарты көпчүлүккө белгилүү, бир батирде көп адам жашагандыктан, кийин маселе жаралбасын дешет окшойт. Ошол эле учурда досторум ооруп, "Тез жардам" чакырса деле дарыгерлер келип алып кетпей жатыптыр деп айтышты. Айтор, оорунун жеңил түрүндө үйдөн эле дарыланып, сакайып алса боло турганын түшүндүм.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Mister-X
2020-05-19 20:00:11
Ооба,баары эле ооруп чыкты.Менмин деп сактанып жургон орустун артисттери,чиновниктери ооруп жатат.Анан кыргыздар оорубай коймок беле.Москвада 90% коронавирус менен ооруп айыкты.Бирок коп адамда тамагы айыкпай,жотолуп жатат имиш.Баарына шыпаа тилеймин!
+10
Firdaus7987
2020-05-19 21:26:48
Ошо ооругандарга кайра жукпайт бекен.москвадагы covid19менен ооругандар жазып койгулачы экинчи ирет жукпайт бекен
+4
bazar
2020-05-20 21:46:45
Firdaus7987, азырынча жукпайт. Себеби аларда оорудан коргонуучу имунитет пайда болду. Кийинчерек кайра жугуп калышы деле мүмкүн
+2
Ilimbek010996
2020-05-19 23:24:05
Мен деле 10күн жыт даам сезбей ооруп жаттым
+5
Orozbaii
2020-05-19 23:39:30
Биздин квартирадада баарыбыз оорудук жыт даам билбей, мен до сих пор жыт жакшы сезбеймин,2 айга чукулдап калды
+6
Akzhol000
2020-05-20 00:56:21
Менделе айфктым башка жукпайт еми
+2
Arstan18.18
2020-05-20 02:20:50
Оо мен 1 ай болуп жатат, жыт сезбей Адам сезбей, сахар чай ичсем бир аз туз кошулган суу ичкендей болуп ишенбей 70% уксус жыттадым уксус шарт эле кесип кеткендей кирди жыты жок бирок. Эми эки кундон бери бир бир адашып жыт кирет. Коронавирус жукканы ушуда бирок женил туру иммунитет кучтуулук кылып жатабы ошо
+2
Krai
2020-05-20 06:13:09
Аллахым шыпаасын берип айыгып кеткиле мекендештерим. Өзүбүз араң жашап жатканда бул атың очкур оору аябай чооң сыноого салды.
+4
arimle00
2020-05-20 07:50:44
Коронавирус экенин кайдан билип жатышат? Жөнөкөй гриппте деле жыт, даам сезбей калабыз го. Ошондой эле температура көтөрүлөт. Ошондой эле 2 жумада айыгат. Анан кантип айырмалап жатышат? Түшүнбөйтам
+3
Bolya8892
2020-05-21 15:05:47
arimle00,Жонокой гриппте мынчалык болбойт. Грипп башталышы менен 2 жолу ТераФлю ичсен айыгып кетесин. Бул грипптин кучтуусу экен сразу тамактан алып атат
0
solnyshko
2020-05-21 20:05:56
Bolya8892,мен грипптен 2 жума дегенде айыгам.
0
alhamdulillah
2020-05-20 13:58:42
биз деле сыт даам сезбей атабыз жаман катык ооруп жакшы болдук шугур
0
Jasi.jasi
2020-05-20 17:39:45
Кудай сактасын туугандар.
Обычный грипте деле жыт,даам сезуу жоголот да.
+2
Diyana
2020-05-20 18:58:53
Обычный гриппте коп болсо 3-4 сезбейсин, анан тез эле калыбына келет. Менда почти бир айдан бери жыт даам сезбей журом
+2
oshondoiraak
2020-05-23 16:30:13
Отуз тогуздан тушбой он кун уйдо жатып дем кысылып калганда скорый алып кетип бир жумада айыгып чыктым ар ким ар кыл ооруйт тура
0
KAYRATBEK
2020-05-23 20:07:08
Кандай укол кандай даары ичтинер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан