
Коронавирустун жайылышын алдын алууга байланыштуу өлкөдөгү массалык иш-чаралар белгиленбейт. Буга байланыштуу 8-март жана Нооруз майрамын белгилөө токтотулганын Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты.
"Быйыл айымдарды 8-март майрамы менен куттуктоого шаардык бюджеттен 2 миллион 200 миң сом каралган. Ал эми Нооруз майрамын "Ала-Тоо" аянтында белгилөөгө 2 миллион сом бөлүнгөн. Массалык иш-чаралар коронавируска байланыштуу өткөрүлбөй калды. Мындан улам майрамды белгилөөгө каралган 4 миллион 200 миң сом шаардык бюджетте калып, кийинки иш-чараларга сарпталат", - дешти мэриянын басма сөз кызматынан.
Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан 2020-жылга борбор калаада 17 ири иш-чараны өткөрүү мерчемделген.