Ош шаарынын мэри шаардын кире беришинде өзү күзөттө туруп, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө (видео)

Бүгүн, 23-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы менен биргеликте Ош шаарына кирүүчү жолдоруна коюлган 7 блокпосттордогу иш аракеттер, көзөмөлдөр менен таанышып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Шаар башчысы күч түзүмдөрүнө эл арасында түшүндүрүү иштерин тездетип, көзөмөлдөөчү жайлардын иштерин күчөтүү талабын койду. Ошондой эле ал санитардык-карантиндик посттордогу тургундар менен да жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү", - деп билдирди маалымат кызматынан.

Ошондой эле шаар башчысы күчөтүлгөн тартиптен тышкары тийиштүү кызматтарга коргоочу каражаттар жана тамак-аштар менен камсыздоо тапшырмасын берди.

“Жарандар туура түшүнүү менен кабыл алышы керек, көзөмөл күчөтүлөт. Мунун баары элдин ден соолугу үчүн”, - деп билдирди Сарыбашов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
baxxa
2020-03-23 19:39:25
Мэрге алкыш.Тынч болсун өлкөбүз.
+19
JaneEr
2020-03-23 20:26:56
Красавчик!Ушундай мэрибиз бар экенинк шугур!
+5
Kylychisa
2020-03-23 20:29:41
Мэр ушундай учурда уцдо жатып алалбайт экен молодец чыныгы элди ойлойт экен башка шаарларда да ушундай болсо тезирээк кырдаалдан чыгат белек.
+8
gulia90
2020-03-23 20:39:32
Биздин мэр крассавчик!
+1
rysik79
2020-03-23 20:49:47
Уйдо жаткыла деп куйуп жатпайбы
+5
Tolkun555
2020-03-23 20:52:00
Кыргызстанда эн жакшы иштеп жаткан чиновниктерден.Оштун бактысы бар экен.Мелис Мырзахматовдон андан кийин ушул МЭР
+5
assanov97
2020-03-23 21:21:23
Соке айттыго озунорду пиар кылбагыла деп
0
Jasa
2020-03-24 02:41:36
assanov97, бул киши пиарга зар эмес,эл деген адам
+2
Gabiku
2020-03-24 10:21:50
assanov97,озу биринчи ушундай иштесинчи Соке
0
Firdaus-Muslim
2020-03-23 21:38:50
Кыргыз эли кең пейил элден кереметтүү жерден, дегендей көңүлүңүздөрдү чөктүрбөй кабатыр болбой тартипке баш ийип үйдө олтуруп туруңуздар, ошондо баары жакшы болот.
+3
engel
2020-03-23 21:46:28
Оштун Мэри молодец экен! Кырдаалды козомолго озу алып жатат
+1
aydinnur
2020-03-24 07:29:19
Пиар-сиар дегендер кичине ойлонсонор ыя,андай пиар кылгысы келгендер сылык-сыпаа суйлоп артист болмок..А бул мэр тарс-тарс айтып жатпайбы,молодец!Зоотехник ушул мэр сыяктууларды ишке тартса,олко гулдобосо да бир топ онолмок,кайдагы куйоо бала,куда соокту жыйнабай жанына..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан