11-мартка карата дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирусту дүйнө жүзү боюнча жалпы 118 миң 745 адам жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 284ү каза болсо, сакайгандардын саны 65 миң 740 адамды түздү.
Ал эми вирустун очогуна айланган Кытайда коронавирус менен жалпысынан 80 миң 954 адам жабыркаса, 3 миң 158 адам каза болду, айыккандардын саны 49 миң 56. Италияда жуктуруп алгандар - 10 миң 149, каза болгондор - 631, сакайгандар - 724. Бул көрсөткүч менен Италия вирустун экинчи очогуна айланды. Иранда жуктургандар - 8 миң 42, каза болгондор - 291. Ал эми Түштүк Кореяда 7 миң 513 адам жабыркап, 54 жаран каза болгон. Азыркы учурда дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө коронавирус катталды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.