Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат футболчу Килиан Мбаппе коронавируска шектелип, тест тапшырды

Франциялык 21 жаштагы футболчу Килиан Мбаппе дүйнө жүзүн каптап жаткан коронавируска шектелип, тест тапшырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе тамагы ооруп жаткандыгына байланыштуу клубундагы акыркы эки машыгууга келген эмес. Тесттин жыйынтыгы бүгүн Чемпиондор Лигасындагы "ПСЖ" - "Боруссия Дортмунд" беттешинин алдында чыгат.

Килиан Мбаппе азыркы учурда Жер шарындагы эң кымбат футболчу болуп саналат. Анын баасы 265 миллион 200 миң еврону түзөт.

Акыркы маалыматтар боюнча, Франция коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн ичинен 5-орунда турат. Бул өлкөдө 1 784 адам аталган ооруну жуктурган болсо, 33 адам анын кесепетинен каза болду.

11-16-мартта Казакстанга коронавирус келеби? Илдет тууралуу акыркы жаңылыктар
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz40
2020-03-11 10:49:43
Кудай сактасын ото тез таралып жатат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан