Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеште коронавирус илдетинин жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулуп, анын жыйынтыгында токтом кабыл алынды.
Өкмөткө коронавирус илдетине каршы аракеттерди күчөтүп, анын жайылышына жол бербөө, калкты дары-дармек жана азык-түлүк менен өз маалында камсыз кылуу, тартип жана жоопкерчилик чараларын күчөтүү, чек арадан өткөн жарандарга көзөмөлдү күчөтүү жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб түзүлүп, жугуштуу илдеттин алдын алуу жаатында бир катар иштиктүү чаралар көрүлдү. "Буга чейин чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды алып келүү, алар үчүн медициналык байкоо жайларын түзүү, илдетке шектүү адамдарды обсервацияда кармоо жумуштары жасалды. Азыр 3 адамдын илдет жуктуруп алганы аныкталды, ал эми 386 киши карантинде турат", - деди ал.