Түштүк Корея коронавирус менен күрөшүүдө башка өлкөлөргө мыкты үлгү болууда. Алардын ийгилиги эмнеде?

Азыр дүйнө жүзүн коронавирус тууралуу кайгылуу кабарлар каптап жатат. Ошондуктан инфекциянын жайылышын кескин азайтууга жетишкен Түштүк Кореянын тажрыйбасын да окуп чыгуу керек дейт “Science” америкалык журналына жазган кабарчы Деннис Нормайл.

Түштүк Кореяда коронавирус эпидемиясы күч алып жаткан маалда бир күндө 909 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, азыр аталган мамлекет инфекциянын өсүшүн тизгиндөөгө жетишти. Учурда оору жугузуп алгандардан бир күндө 74-83 адам катталууда.

Корея бийлигинин мындай ыкчам аракети чет элдик аналитиктердин жогорку баасына татыды. Токиодогу медицинаны изилдөө институтунун директору Масахиро Ками өз докладында Түштүк Корея коронавирус менен күрөшүү боюнча бардык өлкөлөргө мыкты үлгү болуп берди деген.

“Түштүк Корея Кытай сыяктуу шаарларды толук жаппай эле бул илдет менен күрөшүп жатат. Түштүк Корея – демократиялуу өлкө. Жолдорго бөгөт коюу – акылга сыйбаган чечим”, - дейт Сеулдагы инфекция оорулары боюнча Корё университетинин адиси Ким Ву Жу.

Түштүк Кореяда кыска убакыт ичинде ооруну аныктоо боюнча эң чоң жана мыкты программа иштелип чыккан. 17-мартта өлкөдө 295 647 адам тестирлөөдөн өткөрүлгөн. Бейтаптарды изоляцияга алуу жана алар менен контактка баргандарды текшерүүнү да колго алышкан. Бейтап менен контактка баргандарды кошо масштабдуу текшерүүдөн өткөрүү эпидемия менен күрөөшүнүн ачкычы деген Жаңы Түштүк Уэльс университеттин профессору Райна Макинтайр.

Түштүк Кореяда коронавирусту көзөмөлгө алууда оперативдүүлүк башкы фактор болгон. Түштүк Корея өзүнүн вирусту аныктоочу тестин иштеп чыккан. Биринчи тест 7-февралда жактырылган.

Ден соолугу өтө начарлап кеткен бейтаптар гана ооруканага жаткырылууда. Катуу оорубагандар мамлекет же жеке корпорациялар бөлүп берген жайларга жаткырылып медициналык жардам алып көзөмөлдө болушууда. Айыккандар диагностикалык тест 2 жолу каршы жыйынтык чыгарса гана үйүнө чыгарылууда.

Вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон адам 2 апта үйүндө кармалат. Эгерде бул оорунун белгилери аз болсо жана үй-бүлө мүчөлөрүндө өнөкөт оорусу жок болсо гана уруксат берилет. Мониторинг кызматы үйдөгү карантинге алынгандар менен 2 жолу телефон аркылуу байланышып, оорусун жана дене табын өлчөмүн сурап турушат.

Карантинди бузгандар 3 миллион вонн (3 миң доллар) айып пул төлөшөт. Эгерде жакында сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынса, жазасы күчөтүлүп 10 миллион вонн (8 миң доллар) айып пул төлөйт жана абакка камалат.

Жашоочуларга коомдук жайларда бет кап тагынып жүрүүнү, колду жууп, эл көп чогулган жайлардан оолак болууну, мүмкүн болсо үйдө калып иштөөнү сунушташкан.

Диний уюмдар чиркөөгө келбей үйүндө онлайн сыйынууга мүмкүнчүлүк түзүшкөн. Суук тийүүнүн белгилери катталса үйүндө 3-4 күн болуп оорунун белгилерин байкап турууну талап кылышууда.

Чындыгында кореялык дарыгерлерде бул ийгиликти сактап калабыз деген бекем ишеним жок. Учурда коронавирус аныкталган адамдын 20 пайызы кайсы жактан жуктуруп алганын билишпейт. Азырынча ушундай туруксуздук сакталып тургандыктан Кореянын дарыгерлери толугу менен абалды көзөмөлдөй алат деп айтуу мүмкүн эмес.

Өлкөдө жаңы класстерди аныктоо үчүн күнүнө 16 миң диагностикалык тестирлөө өткөрүп жатышат. Адамды унаадан түшүрбөй тесттен өткөрүү үчүн 43 диагностикалык станциялар түзүлгөн. Бул ыкманы азыр Канада жана АКШ колдонууну көздөп жытышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Firdaus-Muslim
2020-03-20 19:43:55
Мына тартиптүү мамлекет деп ушуну айтса болот.
+10
futboler
2020-03-21 00:10:13
Тазалык менен тартип болсо кудай буюрса жеңебиз.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан