Италиялык Боргетто-Санто-Спирито коммуннасында жашаган аял коронавирустан каза болгон күйөөсүнүн жанында карантинде калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, анын күйөөсү коронавируска кабылып, бирок ооруканага барып дарылангандан баш тарткан. 9-март күнү таңга маал ал өзүнүн батиринде каза болгон. Коронавирустан каза болгон адамга жакын жолоого болбойт деген коопсуздук чарасына шылтап, бийликтегилер сөөктү алып чыгуудан баш тартып коюшкан. Ал эми шаардын мэри эгер маркум ооруканага баруудан баш тартпаса, мындай окуя болмок эмес деген пикирин билдирген. Андыктан жубайы да сыртка чыга албай 2 күн бою каза болгон жолдошунун жанында карантинде калып, балкондон жардам сурап кайрылган. Туугандары жардам берүүгө ашыкканы менен жакын бара алышкан эмес. "Эч ким ага жакын барып, жардам берип же колдоо көрсөтө алган жок. Бул маселе эртерээк чечилет деп ишенебиз", - деген кошунасы.
Эске салсак, учурда Италияда коронавирустан 10 миң 149 адам жабыркап, 631 жаран каза болгон.