Коронавирустан айыккандан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн эмне кылуу керек?

COVID-19 илдетинен айыккандан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн кыскача кеңештерди Бишкек шаарынын мэриясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, шаардык медицина кызматкерлери оорудан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн айрым эрежелерди сактоону сунушташат.
  • Туура тамактануу, бардык керектүү компоненттер: белоктор, углеводдор, майлар жана витаминдер камтыган азыктар менен тамактануу керек.
  • Дарыгерлер мүмкүн болушунча көп кыймылдоо, сергек жашоо образынын эрежелерин сактоо керектигин, ошондой эле жумушта, үйдө машыгуу зарылдыгын, көбүрөөк басуу керектигин белгилешет.
  • Жеке гигиенаны сактоону улантып, бет кап кийип, аны дайыма алмаштырып турууну унутпоо. Колдорду тез-тез жууп, эгерде колду самын менен жууганга мүмкүнчүлүк болбосо, антисептик менен тазалоо.
  • Оорудан кийин организмди калыбына келтирүү боюнча кеңештерге алкоголдук ичимдиктерди, тамеки заттарын кошпоо жана дары-дармектерди ашыкча колдонуудан баш тартуу кирет. Ошондой эле дем алууга катышкан булчуңдарды чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат.
"Урматтуу шаар тургундары! Сак болуңуздар, бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактаңыздар, ден соолукка өзгөчө көңүл буруңуздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр", - деп айтылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Esenali
2021-07-06 12:19:05
баарибир 5 10 % ооруунун таасири калат экен эч качан кетпейт экен, склероз анан өпкөнүн жабыркашына таасир берет экен.
+2
daniel87
2021-07-06 12:39:46
Esenali,Былтыр ото каттуу орудум , олуп калам деп ойлоп башталып, бирок коп убакыт айыктым, антибиотиктерден побочный эффект берип козумдун давлениясы мага белек болду, этият болунуздар, жаман оору.
0
Nur777
2021-07-06 12:51:28
Ооруп айыккандардын эс-тутуму начарлайт окшойт деп калдым,анткени мен былтыр оорусам да азыркыга чейин памятим ордуна келбей атат,унутчаак болуп калдым,сураштырсам мага окшогондор коп экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан