Коронавирустун алдын алабыз! Таласта коомдук транспорттор дезинфекцияланды

Талас шаарындагы коомдук транспорттор дезинфекцияланды. Мындай иш-чара коронавирус инфекциясынын республиканын аймагына жайылышына каршы күрөшүүгө багытталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

"Жугуштуу оорулардын, анын ичинде коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында Талас райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздаган жеке жана муниципалдык транспорт мекемелеринин авто унааларын дезинфекциялык тазалоодон өткөрдү. Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 70 маршруттук такси жана 1 автобус дезинфекцияланды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 13-мартта жергиликтүү базарлар жана мечиттер санитардык дезинфекциялоодон өткөрүлөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан