Коронавирустан айыктыруу үчүн Кыргыз өлкөсүнөн "кызыктуу" сунуш. Дүйнөлүк басылмалар уу коргошун тууралуу эмне деп жазышты?

Президент Садыр Жапаровдун COVID-19ду элдик медицинада колдонулуп келген уу коргошун менен дарылоону сунуш кылгандан кийин Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк маалымат каражаттарында күн тартибине чыкты. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бул өсүмдүктүн тундурмасын колдонуп коронавирустан жабыркаган 300 бейтапты дарылаганын жана аны колдонуу айтылып жаткандай кооптуу эмес экендигин айткан.

"Дүйнө жүзү боюнча таасири тарай элек коронавирус эпидемиясына каршы илимий изилдөөлөр уланып жатканда ушуга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнөн "кызыктуу" сунуш келди", - деп жазган Sabah басылмасы.

Маалыматта Кыргыз өлкөсүнүн расмий өкүлдөрү коронавируска каршы уулуу өсүмдүк уу коргошундун таасирдүү экендигин жарыялаганы, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында дарыны ичип, анын ден соолукка зыяны жок экендигин далилдөөгө аракет кылганы жазылган.


Ал эми BBC радиосунун орус кызматы эксперттер уу коргошун ден соолукка кооптуу экенин, өлүмгө алып келерин эскерткенин жазган.

"Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө бул өсүмдүктүн тамырынын тундурмасын ичкенден кийин ууланган учурлар катталган. 2007-жылы баш калаага жакын Новопавловка айылынын 11 тургуну Ысык-Көлдүн тамырынан жасалган тундурмадан ууланып, алардын үчөө күтүүсүздөн көз жумган. 2012-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери дагы уу коргошун менен ууланып, бирөөсү каза болгон.

Тянь-Шанда, Памирде, Алтайда Ысык-Көл тамыры, аконит, бөрү тамыры же падыша чөп сыяктуу аталыштарга ээ уу коргошун өсүмдүгү өсөт. Анын сабагынын узундугу 60-80 сантиметрге жетип, жалбырактары катуу, гүлдөрү кызгылт көк. Бул өсүмдүктүн тамырында борбордук нерв, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларына таасир этүүчү күчтүү уу бар. Бул өсүмдүктүн тундурмасы адамдын денесине киргенде ашказан, ичеги-карын жолун дүүлүктүрүп, оозду, кызыл өңгөчтү, ашказанды оорутат, кустуруп, шилекейди агызат. Адам ууланганда дене муздап, кубаруу, катуу алсыздык менен коштолот. Медицинада уу коргошун сырткы бөлүк үчүн колдонулуп келет", - деп жазылган маалыматта.


France 24 басылмасы Кыргыз өлкөсүнүн президенти Жапаров коронавирусту дары чөп менен айыктырууну сунуш кылган биринчи президент эмес экенин кошумчалаган.

Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухаммедов мия тамырын коронавируска каршы натыйжалуу даба деп атаган.

Ал эми Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлин вируска каршы күрөшүү үчүн безгекти айыктырууда колдонулуп келген артемизия өсүмдүгүнүн жергиликтүү кайнатмасын жайылтууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kaninaiman
2021-04-19 12:25:51
Смертельно опасен дейби
+2
Zumrudianka
2021-04-19 14:23:12
Оо Аллахым улук айда эл журттун дуйно жузунун алдында Кыргызстандын президентин жузун жарык кыл нурдуу кыл жана айткан дары чоп эффективно чыксын Роббана аатина фиддуния хасаната Ва фил аахирати хасаната Ва киннаа азаабаннаар
+12
Elaman0693
2021-04-19 16:07:06
Zumrudianka,Озубуздогу кара ниет адамдар кулуп жатат!!..
Молодец, жакшы натыйжа берсин,,
Колдоо керек, бир туугандар!!
Колдобосок да жаман ойду таштайлычы!
+6
Dembele84
2021-04-19 21:32:44
Дуйного шерменде болдук!
-1
sabirdinovich
2021-04-19 22:31:28
Жеке менин оюмча, бул өсүмдүк жөнүндө саламаттыкты сактоо министри эмес, ошол эле министрдин фармацевтика боюнча адиси жакшылап изилдеп далилдери менен билдирүү таратса дагы да жакшы болмок. Министр менен президент мынчалык сөзгө калбайт эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан