Саламаттыкты сактоо министри: "Өлкөдө коронавирус жок"

Кечээ, 12-мартта Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрмөк. Бирок ал белгисиз себептерден улам болбой калган.

Бүгүн, 13-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Нурлан Жалбиев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жана башка тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйын өтүүдө. Анда коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргыз өлкөсүндөгү даярдыктар жана вирустун алдын алууга байланыштуу пикирлер айтылып жатат.

Жыйын учурунда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус боюнча түзүлгөн штаб ыкчам түрүндө иштеп жатканын айтып, өлкөдө коронавирус жуктурган адам жок экенин белгиледи.

"Өлкөдө коронавирус менен жабыркаган жаран жок", - деп билдирди ал. Ал эми пандемия тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Пандемияны эл түшүнбөй калышы мүмкүн. Пандемия бүт континентте болгондо анан пандемия деп айтылат", - деди ал.

Министр: “Коронавирустун жок экенине сүйүнүш керек”
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан