Акыркы бир суткада АКШда коронавирустан каза болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, АКШда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 4 миң 591 адам каза болду. Бир күн мурун бул инфекциядан 2 миң 569 адам каза болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда 671 миң 331 адам коронавирус жуктуруп алды. 33 миң 286 адам каза болсо, 56 миң 236 бейтап айыгып чыкты.