Социалдык тармактар аркылуу "Канададан келген Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталып, аны медицина кызматкерлери үйүнөн алып кетишти" деген маалыматтар, сүрөттөр тарап жатат. Интернетке тараган билдирүүгө ылайык, окуя Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда орун алган.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, Канададан Кыргыз жараны келгенин ырастап, төмөндөгүлөргө токтолду.
"Республикалык штабга Канада-Стамбул-Бишкек багытындагы каттам менен 6-мартта Торонто шаарынан А.А. аттуу Кыргыз жараны келгени маалымдалды. Кыргыз жараны Канадада өткөн эл аралык конференцияга катышкан. Конференцияга катышкандардын арасында коронавирус менен жабыркагандар бар экени маалым болду. Мындан улам Кыргыз жаранынын жашаган жерине "Тез жардам" кызматы менен санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери барышты. Канададан келген жаран республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасына жеткирилди. Анын абалы канааттандырарлык. Андан мазок алынып, 13-мартта саат 18:40та вирусологиялык лабораторияга жөнөтүлдү", - деди маалымат катчы.