Бир батирде 3 небереси жана 3 кызы менен турган Кайырбү Кыдырмышова 70 жашта. Анын кыздары тигүү цехинде иштеп, күнүмдүк жашоону өткөрүп келишсе, эми өлкөдөгү абалга байланыштуу үйдө жумушсуз отуруп калганын SUPER.KG порталына билдирди.
"Жолдошумдан 45 жашымда эле айрылгам. Кыздарымдын дагы турмуштан жолу болбой калды. Алар менен бирге Баят базары жактагы Көлмө конушунда турабыз. Неберелеримдин эң улуусу 5-класста болсо, кичүүлөрү 5 жана 3 жашта. Менин да ден соолугум начарлап, кан басым жана кант диабетим маал-маалы менен кыйнап турат. Биздин конуштун айыл башчысы келип, жардамга муктаждардын тизмесине киргизип кеткен, бирок ал деле баарына эле бериле бербейт экен. Карантин маалында чындыгында кандай айла кылышты билбей калат экенсиң. Көрсө, бул биологиялык кырсык деген жаман тура. Эми өзгөчө абал алынгыча бизге окшогон үй-бүлөлөр кантип күн өткөрөт? Неберелеримдин, кыздарымдын турмушун ойлосом, санаам санга бөлүнөт. Балким бул кырдаал өтүп кеткиче, кайрымдуу адамдардан жардам бергендер чыгып калар деген илгери үмүт менен элиме кайрылып жатам", - дейт Кайырбү апа.
Кайырбү апанын дареги: Көлмө конушу, Курулуш, 20. Байланыш номурлары: 0708 782 732.