Ош шаарынын мэри борбордук базарды кыдырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов вице-мэрлер жана тиешелүү кызматтын жетекчилери менен бүгүн, 15-мартта борбордук базарды кыдырып чыгышты.

Калаа башчысы азык-түлүк саткан соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тургундарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Унга болгон баа көзөмөлгө алынаарын, абалдан пайдаланып бааны өз алдынча көтөргөн соодагерлерге укук коргоо органдары чара көрө турганын билдирди. Мэр шаардагы “Тулпар ун” комбинатынан да кабар алып, комбинаттын жетекчилигине шаарды ун менен камсыздоодо бааны туруктуу кармоону айтты.

"Ош шаарындагы ун комбинатында 1-сорттогу ундун бир кабы 1350 сомдон сатылууда. Казакстан менен чек ара ачык болгондуктан ундун баасы көтөрүлбөйт. Бааны себепсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Ун комбинатына 300 тонна ун, миң тонна буудай алып келинет. Ундун запасы жетиштүү. Эң негизгиси ден соолугуңуздар болсун!”, - деди мэр.

Айрым соодагерлер комбинаттан бир кап унду 1350 сомдон алып, 1800 сомго чейин өз алдынча баа коюп сатып жаткандыгы маалым болду. Бул боюнча тиешелүү органдар иш алып барышууда.

Кечээ, 14-мартта айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу болуп, баалар жогорулаган. Кийинчерээк вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүктөрдүн, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү экенин айтып, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок деп билдирген.

Ош шаарынын мэри базарга барып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KG-zigit
2020-03-15 15:56:09
Мына эл учун иштеген адам.
Качан караба элдин арасында жана эл учун деп иштеп жатат
+15
Kairat1996
2020-03-15 16:13:22
KG-zigit,
Курулай мактай бербечи.
-16
sely
2020-03-16 09:59:56
Kairat1996,кок мээленбечи
+1
anash
2020-03-15 16:11:55
Бишкекетин Мэри эмне кылып жатат?же Курбан разы болсун деп жатабы
+6
bond02
2020-03-15 16:32:02
Ээ койгула туугандар бааны которбогуло, мындан жаман кундо да кыргыз жашап келген бири бирине бир мешок эмес бир кеседен ун алышып беришип. Кундун жаманы кетет.
+6
jumaev0084
2020-03-15 18:43:13
Менин таанышым 2 камаз ун бекитип койдуу 2600 болгондо сатам деп
-4
mirkaa5182
2020-03-15 20:43:18
Азамат катырыптыр мэр.
+1
amirrus
2020-03-16 10:34:12
Ош мэрден жолдуу шаар экен,Таалай агабыз молодец катырып иштеп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан