Новосибирск-Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропортко жакын аймакка жайгаштырылды. Алардын каттамы 27-мартта токтоп калган

Орусиянын Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропортунда калып калган Кыргыз жарандары аэропортко жакын аймакка жайгаштырылды. Алар дары-дармек, тамак-аш менен камсыз болушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

"Жүргүнчүлөрдүн каттамы 27-мартта токтотулган. Алар Новосибирск-Бишкек багыты менен учушмак. Учак каттамдарынын токтотулгандыгына байланыштуу жүргүнчүлөрдүн баарына акысыз жатакана уюштурулган. Жеринде Башкы консулдуктун, кыргыз диаспорасынын кызматкерлери иш алып барып, жарандарды карап жатышат ", - деди элчиликтин маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан