Авиа каттам, поезд жолдору аркылуу келген жарандарды текшерүү чаралары күчөдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат жыйында билдирди.
"Экономикалык жана социалдык жактан биздин жарандардын абдан көп катыштыгы бар мамлекеттерден коронавирус катталды. Өзбекстанга миңдеген жарандарыбыз кирип, ал жактагылар бизге кирип, туугандарына барат, соода-сатык кылат. Казакстанда 63 миңден ашык жарандарыбыз бар. Жүздөн ашуун автотранспорттор кирип-чыгып турат.
Мындан тышкары соода-сатык менен эки тараптын тең жарандары кирип чыгат. Буга байланыштуу буга чейин иштеп жаткан иш-чараларды абдан катуу тартипте кармап, күчөтө баштадык. Авиа каттам, поезд жолу аркылуу келип жаткан жарандарды текшерүү чаралары абдан күчөдү. Кээ бир текшерүү процесстери узарат. Ушуларды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз", - деди Абылгазиев.