
"Так талашуу оюну" сериалында
Тормунддун ролун жараткан актёр
Кристофер Хивью коронавирус жуктурганы маалым болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Так талашуу оюну" сериалында Тормунддун ролун жараткан норвегиялык актёр Кристофер Хивью коронавирус жуктуруп алды. Учурда ал үй-бүлөсү менен үй изоляциясында кармалмакчы. "Тилекке каршы, коронавирус жуктурганым аныкталды. Биздин абалыбыз жакшы, менде сасык тумоонун жеңил белгилери гана бар. Эми үй-бүлөм менен канча керек болсо, ошончо үй изоляциясында болобуз" деп жазган актёр Инстаграм баракчасына. Ошондой эле актёр баарына сак болууну жана вирусту жайылтпоого болгон аракетин жумшоону суранган.