Коңшу Казакстан коронавирустун чокусунан өткөнүн жарыялады

Казакстанда коронавирус инфекциясы турукташа баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой брифингде билдирди.

"Казакстан коронавирус оорусунун чокусунан өттү. Биздин милдет бүт элибиз үчүн жана бүтүндөй саламаттыкты сактоо системи үчүн өтө оор сыноолордо жеңген позицияны сактоо", - деген Цой.

Коңшу өлкөдө карантин режими июль айынын аягына чейин киргизилип, кийин дагы эки аптага узартылган.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 92 миң 662 адамдан аныкталды. 793 бейтап каза болсо, 62 миң 511 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-08-03 14:39:43
Бул эмнени билдирет. 2-толкунудан оттубу же Казакстанга берилген план болдубу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан