Бишкек шаарынын мэри азык-түлүктү кымбат баада саткан базарга барып рейд жүргүздү

Кечээ, 16-мартта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус оорусун алдын алуу үчүн өлкөдөгү кинотеатрлар, түнкү жана компьютердик клубдар жабыла турганы айтылган. Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардагы азык-түлүктү дүң баада саткан "Дордой Дыйкан" базарына барды. Базардын жетекчилиги менен жолугушуу учурунда бул базарда ун кымбат баада сатылып жаткандыгын айтты.

"Биз азык-түлүккө болгон бааны көзөмөлдөш үчүн күн сайын ушундай рейд кылып турабыз. Азыр карасам азык-түлүк саткан көп контейнерлер жабык экен. Биз келгенде сатуучулар качып кетишти. Биз сиздерден баа бир калыпта сакталып, контейнерлер ачык болушун суранабыз. 5-6 күн мурда ундун баасы 2 миң сомго чыгып кеткенин көрдүк. Ун 1 миң 450 сомдон өйдө сатылбашы керек", - деп билдирди Азиз Суракматов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Makain
2020-03-17 19:16:41
Азиз ака Азиз базарына барсаңыз кымбат ун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан