Бразилияда коронавирустан каза болгондорду эскерүү үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө коронавирустун курмандыктарынын саны күнүнө 905ке көбөйүп, 100 миң 477 адамды түзгөнүн билдирген. Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 3 миллиондон ашты.
АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынын маалыматына ылайык, Бразилия коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн арасында экинчи орунда турат.