Монголияда 200 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

Монголиянын борбору Улан-Батордо чоң кишилердин ар бир бешинчиси эмдөөдөн өттү. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 21-мартка карата 204 миң 129 адам эмдөө алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Вакцинаны алгачкылардан болуп коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү иш-чараларына катышкан дарыгерлер жана топтун мүчөлөрү алышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан күнүнө 10 миңден 20 миңге чейин адамды коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрө тургандыгы пландалды. Бүгүнкү күндө 41 аймактагы 671 кызматкерден турган 95 бригада жалпысынан 19 миң 793 адамды эмдөөдөн өткөрүүнү пландаштырууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан