Бүгүн, 18-март саат 09:00дө Өкмөт үйүндө коронавирустук инфекциянын өлкөнүн аймагына кирүүсүн эскертүү боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча жыйын болуп өттү. Бул жыйын 16-марттан бери күн сайын саат 11:00дө өтүп жаткан. Бирок бүгүн эртең менен адегенде саат 10:00гө деп айтылып, кийин чукул түрдө саат 09:00гө жылды.
16-мартта өткөн жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, 17-мартта вице-премьер Алтынай Өмүрбекова маалымат берген.