Коңшу Казакстан коронавирус илдетин жуктуруп алуу боюнча дүйнөдө 1-орунга чыкты. Бул тууралуу "The New York Times" басылмасы соңку эки аптанын статистикасын карап чыгып жарыялаган. Ага ылайык, Казакстанда дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн ичинен коронавируска чалдыккандардын эң жогорку көрсөткүчү катталган.
Казакстандан тышкары Австралия, Парагвай, Малави, Хорватия, Намибия жана Ботсванада да абал оор. Абал жөн эле оор эмес, тагыраагы көрсөткүч акырындык менен өсүп олтурбай, коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин түрдө жогорулаган. Мындай статистика кооптуу болуп саналат.
Бүгүн, 5-июлда Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цойго жогорудагы маалыматка байланыштуу журналисттерден суроо берилди. "Биз азыр симптому байкалган жана симптому байкалбагандарды чогуу кылып, коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы санын эсептеп жатабыз. Себеби симптому бар-жогуна карабай, бейтаптар баары бир ооруну жугузуучу болуп саналат. Мындан улам статистикада биздин бейтаптардын саны өзгөрүп кетти. Күн сайын оору аныкталган адамдардын саны туруктуу, ал күндө 1500 кишинин тегерегинде чыгып жатат. Акыркы эки апта ичинде кескин жогорулаган жок. Статистика бир-эки аптанын ичинде түзөлүп калат", - деп жооп берген министр.