Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 190 миң 465ке жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымат тараткан.
Ага ылайык, дүйнөдө 2 миллион 715 миң 713 адамдан бул оору аныкталган. Анын ичинен 745 миң 45 адам айыгып чыккан. Ушул учурда 1 миллион 780 миң 203 адам оору менен алышып жатат, алардын 58 миңден ашыгынын абалы оор. Азырынча коронавирус жуктургандардын саны азайганы дүйнөдө байкала элек.
Айта кетсек, бул илдет дүйнөдөгү 200дөн ашык өлкөгө жайылган.