Умра сапарынан келген 3 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Алгач аялдын дене табы жогору болуп, тест алынган

Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келген. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

"16-мартта алгач аял кишинин дене табы жогору болуп жатканы белгилүү болуп, тест алынган. Андан кийин 3 эркек киши шектүү делинип, алардан дагы тест алынып, ошол эле күнү Оштогу лабораторияга жөнөтүлгөн. Тесттин жыйынтыгында аялдан коронавирустун белгилери аныкталган эмес. Ал эми 3 эркек кишиники вирустун белгилери бар деп чыгып, тестти Бишкектеги лабораторияга жөнөткөнбүз. 17-мартта кечинде Бишкектеги лаборатория дагы вирустун бар экенин тастыктады", - деди министр.

Коронавирус аныкталган 3 Кыргыз жаранынан тышкары кичи ажылык зыяратта 5 жаран болгон. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, азыркы учурда 90дон ашуун жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, обсервацияга алынган. Жабыркагандардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран.

Коронавирус Кыргыз өлкөсүнө жетти. Жалал-Абадда Умрадан келген 3 жарандан коронавирус аныкталды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Samash-87
2020-03-18 11:15:10
Башталды
+2
Aika-87.87.
2020-03-18 11:15:56
Дуйнону дунгуротуп эпидемия куч алып жатканда ушул акчасы бар адамдар жаман куйгузду Алла тооба деп эле отурушса болмок Эми ушулардын айынан башка карапайым Эл да жара чегет Бут самолётту токтотусуу зарыл
+9
Jelezo
2020-03-18 11:18:21
Кыса турган жерди кысып үйдө отуруш керек той аштарды токтотуп биз обу жок болуп кеттик тойдун түрлөрүн өткөрүп жарыша баштадык.туулган күн, юбилей,улак баарын токтотуш керек.
+8
Agayu
2020-03-18 11:26:07
Супер инфонун бети Коронавирус менен эле толуп калыптырго .
+5
Sancho-
2020-03-18 11:27:06
Ар жума аш жегенди да токтотуш керек да анда
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан