Дүйнөдө коронавирус илдети жайылууда. Кыргыз өлкөсүндө алгачкы ирет коронавирустун катталышына 10 күн болгону калды. Эки күн мурун президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек жана Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койгон. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган үч жарлыкты бекитүүнү толук колдоо менен атайын токтом кабыл алышкан.
Мына бүгүн өзгөчө абал киргизилгенине эки күн болду. Бул учурда саясатчылар эмне менен алек болуп жатканы коомчулукка кызык болсо керек. SUPER.KG порталы саясатчылардан карантинде эмне менен алек болуп жатканын билүү үчүн аларга байланышты.
Саясатчы Өмүрбек Текебаев үй-бүлөсү менен 24 сааттык чектөөнү киргизип, үйдөн чыкпай отурганын билдирди.
"Карантинде Кудай сактасын деп үй-бүлөбүздүн бүт мүчөлөрү үйдөн чыкпай отурабыз. Үйдүн жанында кичинекей азык-түлүк саткан дүкөн бар. Бүгүн уулум ошол дүкөнгө барып, бир нече күнгө жете турган азык-түлүк алып келди. Балдарыбыз менен шахмат ойноп, алар менен ар кандай темаларда сүйлөшүп, чогуу сыналгы көрүп отурабыз.
Мындан тышкары интернеттеги жаңылыктар менен таанышып жатабыз. Жарандарга кайрылып кетер элем. Өзгөчө абал бүткөнгө чейин мүмкүн болсо үйдөн чыкпай отурганга аракет кылышыбыз зарыл. Күндүз көчөгө чыкканга уруксат берилип жатат. Бул дагы убактылуу болсо керек. Анткени эл 24 коменданттык саатка даяр эмес. Буга бийлик дагы ишти алып баруу боюнча даяр эмес. Алар дагы бир аптанын ичинде даяр болсо керек. Балким, 24 сааттык чектөөлөр киргизилет. Бирок биздин үй-бүлө азыр эле өзүбүзгө 24 сааттык чектөөнү киргиздик", - дейт Текебаев.
Ал эми саясатчы Ахматбек Келдибеков эгин эктирип, күнөсканада помидор, бадыраң өстүрүп жатканын айтты.
"Эгин эктирип жатабыз. Уйлар тууп жатат, койлорду кырктырып, күнөсканабызга помидор, бадыраң өстүрүү менен алекпиз. Айыл банктан насыя алып, 1 жарым гектар жерге күнөскана курганбыз.
Коменданттык сааттын, карантиндин эрежесин бузбай иш кылып жатабыз. Бардыгыбыз бет кап, кол кап менен жүрөбүз. Короону, сарайды дезинфекцияладык. Коронавирус да Кудай буюруса, бүтөт. Жашоо улана берет. Дагы 10-15 күн катуу тартипти бузбай кармасак, Кыргыз өлкөсү бул вирусту жеңет", - деди Келдибеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков социалдык экономикалык маселелерди чечүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.
"Иштер көп, мыйзамдарды карап, ошол эле учурда китептерди окуп жатабыз. Бүгүнкү күндөгү экономикалык маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрүп жатам. Колдон келишинче социалдык экономикалык маселелерди чечүүгө аракет кылуудабыз", - дейт Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Баткен облусунда штабдардын иштери менен таанышууда.
"Мен учурда Баткен облусунда жүрөм. Облус боюнча штабдардын иши менен таанышып жатам. Эмне көйгөйлөр бар экенин карап жатабыз. Элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айыл башчылары менен жолугуудабыз. Элибизге азык-түлүк берип, жардам берип жатабыз", - дейт Тиллаев.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов болсо карантинде убакытты китеп окуп жана машыгуу менен өткөрүп жатканын айтты.
"Жалаң китеп окуу же сыналгы көрүү адамды таалыктырат. Ошондуктан бир саат машыгуу керек сөзсүз. Жордж Оруэллдин "Скотный двор" деген китебин окуп жатам. Бул китептин интернет версиясы бар, таап окуса болот. Сатира жана какшык (сарказм) жанрында жазылган уламыш. Ферманын ичиндеги үй жаныбарлары кожоюндун тартибине каршы көтөрүлүшкө чыгып, бийликти өз колуна алышат. Алар адамдарга баш ийбеген адилеттүү коом курууга бет алышат. Эркиндикти самаган жаныбарлар жаңы диктаторго кабылышат. Бул бийлик талашкан жаныбарлардын зордук-зомбулук, кошоматчылык интригаларга малынган жоруктары туралуу уламыш", - деди Шыкмаматов.
"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов чет мамлекеттердеги мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча иштерди жүргүзүү менен алек экенин билдирди.
"Биз, "Замандаш" саясий партиясы дүйнөдөгү, өлкөдөгү абалга ылайыктуу ыкчам штаб түзгөнбүз. Чет мамлекетте калып калган мекендештерибиз көп. Ыкчам штаб мекендештерибизди өлкөгө алып келүү, жеринен жардам көрсөтүү боюнча иш алып барат. Кечээ Түркиядан 200дөн ашык адам келип, бүгүн "Ак-Кеме" мейманканасына карантинге жайгаштырылды. Азыркы учурда Түркиянын ар кайсы шаарларында калып калган мекендештердин тизмеси түзүлүп жатат. Аларды алып келүү боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Анын ичинде акчалары жок, көчөдө калып калган адамдар бар. Кимде ким кыйналса, жардам бергенге аракет кылып жатабыз. Ыкчам штабы маалыматтык жактан жардам берүү боюнча иштеп жатат. Түркияда бүгүнкү күнү 300дөн ашык мекендештерибиз учактарды күтүп отурушат. Алардын ичинде апалар, кош бойлуу аялдар, балдар бар. Аларды учак келсе алып келебиз. Болбой кала турган болсо, көчөдө калтырбай жайгаштырышыбыз керек. Орусия бүгүн жалпы аба каттамдарын жапты. Түркия дагы эртең же 28-мартта авиакаттамдарын жабышы мүмкүн. Жабылса Кыргыз жарандары ошол жакта калып калат. Ошондуктан ушул багытта иш алып барып жатам", - дейт Молдакматов.
Саясий ишмер Темирбек Асанбеков карантинде үйдө отурганын айтты.
"Биз мыйзамды аткарып, коопсуздукту сактоо үчүн карантинде үйдө олтурабыз. Азыркы кырдаалга карата илимий багыттагы ой-пикирибиз менен бөлүшүп, коомдук, саясий, экономикалык маселелерди биргелешип чечүү сунуштарыбызды интернет булактарында жарыялап, жардам берип жатабыз", - дейт Темирбек Асанбеков.