Ысык-Көлдө умрага барып келген 16 адам карантинге алынды

Ысык-Көл облусунда Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген 16 жарандын баары карантинге алынып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облусунун координатору билдирди.

"16 адам келген. Алардын бири 18-мартка караган түнү карантинге алынган. Учурда калган бардык жарандарды карантинге жаткырып жатабыз. Ошондой эле Германиядан дагы эки кыз келген. Алар дагы карантинге алынды", - деди координатор.

Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталганы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Arina07
2020-03-18 13:57:06
ээми алып жатасынарбы чет жактан келген жарандардын баарын 14 кундук карантинге алып анан уйлоруно жонотсонор!!! Москвабы Казакстанбы баарын алгыла!!!
+5
nerrazuri
2020-03-18 14:19:45
45 кишинин ар бири аз дегенде 100-150дой адам чакырып ажы той кылса. Булар аз дегенде 45*(100,150)=4500-7500 адамга ооруу жугузуп Сетевой вирус кылатко.
+2
vikidiki
2020-03-18 14:36:58
Барбай турушпайбы ушундай кыйын маалда
+1
Aitunuk
2020-03-18 20:23:40
vikidiki, "бороонду күнү бок кычайт" болушпай десеңиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан