"Дарыгерлерге жана эпидемиологдорго өзгөчө шарттар түзүлөт. Алар кааласа үйүнө барбай обсервацияда же мейманканада жашаса болот". Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде шаар мэри Азиз Суракматов жыйында билдиргенин мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда шаар мэри вируска кабылгандар менен байланышта болгондорду табууну ылдамдатууну тиешелүү мекемеге тапшырды.
"Мындан тышкары коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлер менен эпидемиологдорду жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздап, аларга шарттарды түзүү керек. Медицина кызматкерлери үчүн өзгөчө шарттар түзүлөт. Тагыраагы, алар кааласа үйлөрүнө барбай обсервацияларда же шаардагы мейманканаларда жашаса болот", - деди мэр.
Ошондой эле бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы мобилдик топтордун саны көбөйтүлөрү, буга чейин 10 мобилдик топ иштеп келгени айтылат маалыматта.
Жыйынга мэр Азиз Суракматовдон тышкары саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, президенттик аппараттын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева, дарыгерлер жана эпидемиологдор катышты.