УЕФА уюму кечээ, 17-мартта 55 өлкөнүн ассоциацияларынын жолугушуусу учурунда футбол боюнча эң ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын жана Европа Лигасынын финалын өткөрүүнүн жаңы күндөрүн бекитти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус чуусунан улам токтотулган Чемпиондор Лигасынын финалы буга чейин 30-майда Стамбул шаарындагы 76 092 адам бата турган "Ататүрк Олимпиада стадиону" стадионунда өткөрүү пландалган. Коронавирус чуусунан улам УЕФА финалды 27-июнга жылдырды.
Ал эми Европа Лигасы 27-май күнү Польшанын Гданськ шаарындагы 43 миң 615 адам бата турган "Энерга-Гданьск" стадионунда өткөрүү пландалган болсо, жаңы коюлган күнү 24-июнга бекитилди.
Буга чейин Чемпиондор Лигасы жана Европа Лигасы коронавирус чуусунан улам токтотулганы кабарланган.