Иорданиянын консулдугу 8 миллион сомго жардам көрсөттү

Иорданиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ардактуу консулу Аль-Саббах Карам Самир Адиб коронавируска каршы күрөшүү үчүн 8 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

"Жалпы суммасы 8 миллион сомдук азык-түлүк жана жеке гигиеналык каражаттары катары гуманитардык жардамды көрсөттү. Бул жардамдар республика боюнча социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, медициналык кызматкерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүнүн туруктуу жашоочуларына жана оор абалдагы топко кирген башка социалдык объектилерге берилет", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Krai
2020-05-03 21:22:35
Жардамдар келип эле атат келип эле атат дарегине жетип атат бекен
+6
Erik2018
2020-05-03 21:36:31
рахмат кыйын күндө жардам берген өлкөлөргө өзүмдүн атымдан рахмат айтам
+4
Kattaldym
2020-05-03 22:04:01
Бирөөлөргө кудай берип жатат да...
+4
Mamiev
2020-05-03 22:30:06
Мен ойлойм да ушул чет жактан жардам гум же акчалай келсе. Депутаттардын кулактары жакшы иштеп сураштырып эмне жардам келди экен деп, өздөрүнчө план кылып алышса керек.
+6
adoi
2020-05-03 22:54:45
Жардам бергендерден Аллаh ыраазы болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан