Бүгүн, 14-май күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифингде акыркы суткада катталган маалыматтарды берди.
Анын айтымында, бир суткада 9 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бишкек шаарында – 5;
Ош шаарында – 1;
Ош облусунда – 2;
Нарын облусунда – 1.
Республика боюнча жалпы 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.