Бүгүн, 13-июлга караган түнү "Спутник Кыргызстан" маалымат агенттигинин жетекчисинин орун басары Михаил Рогожин 51 жашында пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу кесиптештери билдиришти.
Маалымат агенттиги тараткан маалыматка ылайык, Рогожинге пневмония диагнозу коюлган.
Жакындарынын айтымында, кечээ, 12-июлда Михаил Рогожин өзүн жаман сезип, үйүнө "Тез жардам" чакыртылган, бирок ооруканага жеткирилгени менен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Михаил Рогожиндин көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.