Министрлик: "Медициналык мекемелерде бет каптар жана антисептикалык каражаттар жетиштүү"

Бүгүн, 18-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйында медициналык мекемелерде бет каптар жана антисептикалык каражаттар жетиштүү экендигин билдирди.

Анда Исаков дарыканаларда медициналык бет каптардын жок болуп жаткандыгы тууралуу суроого төмөндөгүдөй жооп берди.

"Медициналык мекемелерде бет каптар жана антисептикалык каражаттар бар. Ал эми дарыканаларда чындыгында кооптонуу бар. Бир апта мурда 500 миңден ашуун бет каптар дарыканаларга таратылып берилген. Жакынкы арада бул маселе чечилет деп ойлойм. Өткөндө чек арадан миллиондон ашык бет каптарды чыгырып кетүүгө аракет кылган факты боюнча учурда сот процесси жүрүп жатат. Эгер сот биз тарапка чечип берсе, ал жактан алынган бет каптар дарыканаларга таратылып берилет", - дейт Төлө Исаков.

Мындан тышкары министрдин орун басары бет каптарды тигүү боюнча өндүрүш ишке киргенин кошумчалады.

"Буга чейин Кыргыз өлкөсү медициналык бет каптарды чыгарбай келсе, бүгүнкү күндө өзүбүздөн 25 миңден ашуун бет кап чыга баштады. Алардын басымдуу бөлүгү дарыканаларга берилет. Белгилей кетүүчү нерсе бет каптарды ооруган гана адамдар тагынышы керек", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pchelka85
2020-03-18 21:08:33
Бугун Беловодскини кыдырып 1 да маска 1 да антисептик тапкан жокмун.. каяктагы жетиштууну айтып атасынар
+4
Aitunuk
2020-03-18 22:55:48
Pchelka85, "Народныйда" антисептик спрей 60мг -115 сом, 100 мг - 175 сом деп бадырайып жазылып, тизилип турат. Аптекаларда эч нерсе жок. Мен 50 сомдон алдым эле (1 ай мурда).
0
Pchelka85
2020-03-19 00:00:08
Aitunuk,чон рахмат эртен шапрга народныйларга барам эми
0
ALATOOLUK.JIGIT
2020-03-18 21:16:40
Алабука,Аксыда маска мындай турсун марли табылбай жатат азыр.
0
aslonur
2020-03-18 21:20:02
Эл чогулуп ушул созду айткан адамдар устунон арыз жазыш керек, жалган маалымат бергендиги учун!!!!!
+1
Nuri1988Elim2010
2020-03-18 21:26:51
Алабукада деле жок
0
sirenaaaaa
2020-03-18 21:33:36
Nuri1988Elim2010,Алар жон эле бааны Котору учун сактап турушкан жокпу
0
ziash85
2020-03-18 23:11:49
Сузакта ,Благовещенкада элдин баары маска,даары издеп жүрүшөт,канча күндөн бери бет кап жок Благовещенкада,бая кечке маал келди окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан