Бүгүн өлкөгө Орусиядан 184, Дубай аркылуу бир катар мамлекеттерден 175 жаран кайтып келди

Бүгүн, 31-июлда өлкөгө Новосибирск-Бишкек каттамы аркылуу 184 жаран Орусиядан кайтып келди. Алардын ичинде балдар да бар экендиги Тышкы иштер министрлиги тарабынан кабарланды.
Мындан тышкары бүгүн Дубай-Бишкек каттамы менен балдарды кошкондо 175 адам кайтып келди. Арасында Оман, АКШ, Иордания, Индонезия, Германия, Корея, Ооганстан, Пакистан, Австрия, Швецариядан Дубай аркылуу келгендер бар.
Бул каттамдар министрлик тарабынан тиешелүү тараптар менен сүйлөшүү аркылуу коронавирус пандемиясында чек аралар жабылган шартта чет элде жүргөн жарандарды мекенге кайтаруу боюнча президенттин буйругунун алкагында жүргүзүлгөндүгү белгиленет маалыматта.
Ошондой эле Новосибирсктен келген каттам менен Кыргыз өлкөсүнүн аталган шаардагы диаспорасынан өлкөгө жасалма дем алдыруучу 2 аппарат, 200 миң рублдук медициналык каражат гуманитардык жардам катары да келди.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks992
2020-07-31 21:51:10
жакшы жаңылык болгону границаны да ачышсын эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан