Бүгүн, 18-мартта өкмөт үйүндө Кыргыз өлкөсүндө катталган коронавирус боюнча 3-маалымат жыйын өттү. Соңку сааттардагы абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков суроолорго жооп берди.
Ага "Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда молдо коронавирус жуктуруп, обсервацияга жаткырылды деген кептин чындыгы барбы?" деген суроо берилди. Министрдин орун басары Төлө Исаков суроого төмөнкүдөй жооп узатты. Айтымында, ал бул боюнча так маалымат билбейт.
"Ал молдобу же катардагы жаран катары умрага барып келдиби бизге айырмасы жок. Бул жерде негизинен анын обсервацияга жаткырылгандыгы боюнча сөз болушу керек болчу", - деп билдирди ал.
Журналист "ошондо Бакай-Атада да жаран обсервацияга жаткырылганбы?" деп тактаганда Исаков: "Ооба, жаткырылган" деп жооп берди.