Экс-элчи Кылычбек Султан: "Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенесизби?"

Экс-элчи Кылычбек Султан "Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенесизби?" деген суроо салды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал жакында Алматы аркылуу транзит менен учканын жазды. "Учак Алматы шаарына конгондо жүргүнчүлөрдүн бирин дагы кабинадан чыгарышпай, ар бирин атайын жабдылган медициналык адис текшергенден кийин гана чыгарышты. Бишкекке конгондо баарыбызды дароо эле чыгарып жиберишти. Траптын жанында кадимкидей эле аэропорттун бир канча кызматкери туруптур. Жүздөгөн жүргүнчүлөр алардын жанынан "микроб алмашып" өтүштү", - дейт экс-элчи.

Кылычбек Султан чек ара көзөмөл залына жеткенде гана тепловизор менен эки кызматкер ыкчам бир секундада бир нече адамды текшерип баштаганын белгиледи.

Ошону менен катар эле экс-элчи Алматы шаарында таратылган анкетаны сүрөткө тартып алган. Анда жүргүнчүлөргө Казакстанда жашай турган жердин дарегин жана байланыш маалыматтарды жазууга милдеттендирилген. Ал эми Бишкекке келгендерге мындай анкеталар берилбегенин билдирди.

Экс-элчи Кылычбек Султан: "Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенесизби?"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2020-03-03 14:58:54
Жаап жашырбагыла,болгон нерсени болгондой айткыла,жашыргандын арты жаман болот.Тынч бололу!!!
+7
Aimani
2020-03-03 18:49:05
Моюнга алалы казактардан бир топ эле арттабыз. Кудай өзү сактасын кыргызыбызды
+5
Akoga
2020-03-04 13:45:40
Эй кыргыз атка минерлер көзүңөрдү чоң ачып, жок дегенде казактардын тажрыйбасын үйрөнүп ишиңерди кылгыла,өзүңөргө жүктуруп жана элдин убалына каласыңар. Эмнени карап жүрүшөт ак үй,көк үйүйдө отурган дөпөрөстөр.
+1
katerina.li
2020-03-04 14:27:30
Арстан Алай колдосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан