"Евровидение - 2020" сынагы коронавируска байланыштуу өтпөй калды. Бул тууралуу 18-март күнү сынактын расмий сайтында жазылды.
"Бул конкурс бүткүл дүйнөдө тарап жаткан илдетке байланыштуу жылдырылды. Ошондой эле катышуучулардын дагы өтүнүчү келтирилди. Роттердам шаары бул конкурсту 2021-жылы уюштурууну карап жатат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин "Евровидение - 2020" сынагына даярдануу иштерине бир канча катышуучу коронавируска байланыштуу барбай тургандыгын билдиришкен эле.