Бүгүн, 20-мартка карата коронавирус боюнча Кыргыз өлкөсүндөгү абал тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.
"Коронавирус менен ооругандардын саны – 6 (Сузак жана Ноокат райондорунда);
Обсервацияда – 410;
Обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн орундуктар – 2290;
Кичи ажылыктан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 1042 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.
Медициналык жана санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү бекитилген 2 категорияга ылайык ишке ашырылууда", - деп жазылат маалыматта.