Бишкек ЖЭБине 26-августта 108 миң тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек ЖЭБинин кампасында учурда 220,2 миң тонна көмүр бар. Ал эми Ош шаардык ЖЭБине 26-август күнү 10,9 миң тонна мазут жеткирилди.