Нидерланды өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо министри Бруно Брюинс парламентте коронавирус оорусун талкуулап жатканда эс-учун жоготту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Министр өзүнө келгенден кийин социалдык баракчасы аркылуу аны колдогондорго ыраазычылыгын билдирип, эс-учун жоготконунун себеби акыркы бир апта коронавирус менен күрөшүү үчүн тынбай иштеп, чарчагандыктан деп айткан: "Азыр мен өзүмдү жакшы сезип, үйгө бара жатам. Бир аз эс алып, эртең кайра коронавируска каршы күрөшүү үчүн жумушка чыгам", - деп билдирген министр.
Нидерланды өлкөсүндө 6-мартта коронавирустан алгачкы адам каза болгон. Учурда бул өлкөдө 2 миң 56 адам бул ооруну жуктуруп алган болсо, 58 адам каза болгон жана 2 адам айыгып ооруканадан чыккан.