- "Жыл сайын апрель–май айларында жайлоого чыккан ар бир малчыга жана туристтерге ар кандай ооруларга каршы эмдөө жүргүзүлүшү керек",- дейт Каракол шаарындагы оорукананын кооптуу ооруларга каршы бөлүмүнүн башкы дарыгери Равшан Маймулов. Айтымында, жакында кара тумоо оорусунан каза болгон Темирбек Исакуновдун ата-энеси жайлоого чыгарда эмдөөдөн өтүшпөй, ушуга байланыштуу бала илдетке кабылып калыптыр. "Кара тумоонун бул түрү аба аркылуу тарабайт",- деп кошумчалады Маймулов.