Коронавирусту кантип жеңебиз? Кыргыз жана казак президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын президенттери эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорттук чөйрөлөрүндө коронавирустан улам терс кесепеттерди жеңип чыгуу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан Кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен, координацияланган чараларды улантуу зарылдыгы жөнүндө орток пикирде болушту.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан