Орусияда коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын саны 430 миңден ашты

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 536 адамдан аныкталды. 178 адам каза болсо, 8 миң 972 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 1 миң 842;

Москва облусунда - 736;

Санкт-Петербург шаарында - 380;

Свердлов облусунда - 357 адам, калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 432 миң 277 адамдан илдет аныкталды. 5 миң 215 адам каза болсо, 195 миң 957 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-06-03 14:23:07
Москвада азайып калыптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан