Кара тумоо оорусу менен шектелип дагы 3 адам ооруканага жаткырылды

Ак-Суу райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө "кара тумоо илдети менен оорушу мүмкүн" деп шектелип дагы 3 адам жаткырылды. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, 27-августта саат 00:30да Сары-Камыш айылынын 1992-жылы туулган Асел Насрединова, 2011-жылы туулган Баймурза Сабыров жана 2001-жылы туулган Эламан Сабыров аттуу тургундары ооруканага жеткирилди. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. 26-август күнү Ичке-Жергез айылынын 1423 жашоочусу медициналык текшерүүдөн өтүп, аларда кара тумоо оорусунун белгилери байкалган жок. Эске салсак, 22-август күнү Ысык-Көлдүн Каракол шаардык ооруканасында 15 жаштагы бала кара тумоо оорусунан каза болгон. Аталган аймакта 30-августка чейин карантин жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан